Сузактан Өзгөнгө улак көргөнү келген жаран кырсыкка кабылды

Кырсык Загрузка... 08 Февраль 2026 19:14
630842496_1506660574792516_2621433446288136691_n.jpg
copyright icon Ош ОИИБ

Бишкек, 08.02.26. /Кабар/. Бүгүн Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, Сузак районунун тургуну 2000-жылы туулган А.А. унаасы менен Өзгөн районуна бара жатып, рулдук башкарууну жоготуп, жол четиндеги жарга түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, биринчи медициналык жардам көрсөттү. Каза болгондор жок.

Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.