Сузакта Р-1 каналы оңдолуп, ишке берилди

Аймак 13 май 2025 13:25
IMG_2489.JPG
IMG_2490.JPG
IMG_2491.JPG
Алдыга
Артка
IMG_2489.JPG
IMG_2490.JPG
IMG_2491.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Сузак районунда Р-1 каналын бетондоо иштери аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, реконструкцияланган тилкенин жалпы узундугу 1850 метрди түздү. Иш 2024-жылдын сентябрында башталып, белгиленген мөөнөттө ийгиликтүү аяктаган. Учурда канал аркылуу дыйкандарга сугат суу берилип жатат.

Р-1 каналы айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Ал 2800 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт, бул региондогу айыл чарба өндүрүшүнүн түшүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатат.