Чыдай тургула: Садыр Жапаров Барпы элине убада берди

Президент
Чыдай тургула: Садыр Жапаров Барпы элине убада берди
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Барпы айыл өкмөтүндөгү эски мектептерди жаңылоо иштери 2027-28-жылдары аяктап, андан кийин бала бакча жана спорт зал куруу маселеси каралат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушууда Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну айылдагы эски мектептерди жаңылоо жана бала бакча куруу маселесин көтөргөн учурда билдирди.

Мамлекет башчысы 1950–1960-жылдары курулган мектептер жаңыланып жатканын айтып, иштерди 2027-жылдын 15-сентябрына чейин же 2028-жылдын март–апрель айларында аяктоо пландалып жатканын белгиледи.

“Андан кийин бала бакча жана спорт зал куруу маселелерин карайбыз. Кыргызстанда 1 939 айыл бар. Алардын ар биринде бала бакча жана спорт комплекстери болот. 2028–2029-жылдардан тарта бала бакчаларды курууга өтөбүз. Бир аз чыдай тургула. Силердин айылга да жетебиз”, — деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров тиешелүү органдарга Барпы айыл өкмөтүндөгү мектептерди 111 мектептин тизмесинен карап чыгууну, эгерде жок болсо аталган долбоорго киргизүүнү тапшырды.