Жер талаштарын жергиликтүү бийлик чечсин: Президенттин тапшырмасы

Аймак
Жер талаштарын жергиликтүү бийлик чечсин: Президенттин тапшырмасы
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Жер жана жер үлүштөрүнө байланышкан маселелерди алгач айыл, район жана облустун деңгээлинде чечүү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сузак районунун тургундары менен жолугушууда жер үлүшү боюнча кайрылган жаранга жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы жер маселелерин жергиликтүү деңгээлде чечүү үчүн тиешелүү органдарга мүмкүнчүлүк берилгенин белгиледи.

“Бул тууралуу жыл башынан бери айтып келе жатам. Укукту берип жатам. Айылдын, райондун, облустун деңгээлинде чечкиле. Болбосо, Бишкекке кайрылгыла”, — деди ал.

Ошондой эле президент мындай учурлар Ош шаарында көп кездешип, бир эле жер тилкеси беш адамга берилип кеткенин айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мурда айыл өкмөттөрү жерлерди иретсиз бөлүштүрүп келгендиктен, учурда мындай маселелерди иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.

“Бул илгертен бери келе жаткан көйгөй”, — деп кошумчалады Садыр Жапаров.