Бишкек, 13.05.25./Кабар/. Сузак районунун Чокмор айылында райондор аралык Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Бул борборду Ташиевдер өздөрүнө таандык болгон мунай базасын сатып, 570 млн сомдук жеке каражатына куруп, толугу менен мамлекетке өткөрүп беришти.
Имарат төрөт бөлүмүн жана балдар ооруканасын камтып, жалпысынан 470 штаттык бирдик менен камсыздалат.
"Мурун чиновниктер менен байлар акчаларын чет өлкөгө чыгарып, ошол жактан үй салып, бизнес ачып кетишчү. Азыр деле кайтып келе албай жүргөндөр бар. Ал эми Ташиевдер үй-бүлөсү мунай базасын сатып, ошол акчаны өз элине жумшап, ушул ооруканадай изги ишке салды. Бул — чыныгы үлгү, чыныгы патриотизм", - деди президент.