Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Сузак районунда алимент төлөөдөн узак убакыт бою баш тартып келген жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө А.Л.А. аттуу жарандан бир баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу иш каралып жаткан. Бирок карызкор алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартып келгендиктен, сот аткаруучу тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.
2026-жылдын 11-мартында Сузак райондук соту бул ишти карап чыгып, жаран А.Л.А.ны күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркиндигинен ажыратты.
Бул чечим алимент төлөөдөн качкан башка жарандар үчүн мыйзам алдындагы жоопкерчиликтин катуу экенин эскертет.