Сузак районунда 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Дүйнө 19 август 2025 14:07
535149228_1271845517747828_1719760577896230475_n.jpg
534521003_1271845527747827_2164961841034172189_n.jpg
534579847_1271845541081159_1098981089058951033_n.jpg
535338785_1271845511081162_4314714847341765808_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Сузак районунда Арзыкулов атындагы №52 мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим уясы 1-сентябрда пайдаланууга берилет.

Имарат 375 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Мектеп үч блоктон: эки кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галереядан турат. Долбоорго ылайык, китепкана, лаборатория, жыйындар залы, компьютердик класс, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө эмгек класстары каралган.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.