Сузак – Кара-Дарыя унаа жолу оңдолууда

Аймак Жүктөлүүдө... 02 Апрель 2025 09:56
487146868_970380971937316_4646171244194230274_n.jpg
485782960_970380821937331_5208924727473848376_n.jpg
486399017_970380915270655_4565764925724448625_n.jpg
486409479_970381045270642_741884715821092510_n.jpg
486725528_970380951937318_7435169320495650061_n.jpg
487104682_970380818603998_7883519789788151198_n.jpg
487117838_970381018603978_271343469411420057_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Сузак – Кара-Дарыя унаа жолун оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта 3-4-чакырым аралыгында жер жумуштары аткарылууда. Алдыңкы апталарда асфальт төшөө иштери башталат.

Белгилей кетсек, Сузак – Кара-Дарыя унаа жолунун жалпы узундугу 19 чакырымды түзөт. Анын ичинен 5,4 чакырымын (0-5,4-чакырымдар аралыгы) төрт тилкелүү кылып, эки тарабындагы тротуарды кошкондо 22 метрге чейин кеңейтүү каралган. Былтыр анын 2 чакырымына асфальт төшөлсө, жаз алды менен калган тилкеде жумуштар кызуу уланууда.

Эске салсак, 2024-жылы №22 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Сузак – Кара-Дарыя унаа жолунун 4 чакырымына (6-10-чакырымдар аралыгы) асфальт төшөлгөн.