Суусамыр – Талас – Тараз жолунда 473 адис жана 220 техника иштеп жатат

Аймак 142 18 Август 2026 16:50
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.58.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 104,6-197,6-чакырым аралыктарында реконструкция иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2025-жылдын апрель айында башталган.

"Учурда жол салууга 220 атайын техника жана 473 адис тартылган. Жолдун 53,1 чакырымында негизин кеңейтүү иштери аткарылып, 10,4 чакырымга төмөнкү, 5,95 чакырымга жогорку негизги катмары төшөлдү. Ошондой эле 4,35 чакырымга асфальт-бетондун төмөнкү катмары төшөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында инженердик коммуникацияларды көчүрүү жана көпүрөлөр, жер алдындагы өтмөктөр сыяктуу жасалма курулмаларды куруу иштери да жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө каралган 190 суу өткөрүүчү түтүктүн 41и толук бүткөрүлдү.

Планга ылайык, 2026-жылдын аягына чейин иштердин жалпы көлөмүн 25%га жеткирүү жана 20 чакырымга жаңы асфальт төшөө белгиленген.

Реконструкцияны Кытайдын Shaanxi Construction Engineering Group Co., Ltd. компаниясы жүргүзүүдө. Долбоорду 2028-жылдын 25-апрелине чейин аяктоо пландалууда. Жол пайдаланууга берилгенден кийин подрядчы тарабынан беш жылдык кепилдик берилет.