Суусамыр - Талас - Тараз жолун реконструкциялоо иштери кызыды

Аймак 1 август 2025 13:00
525680214_1061718816136864_7807190127542713096_n.jpg
525689539_1061718856136860_2062138511859526819_n.jpg
525722691_1061718599470219_8703834636540589243_n.jpg
526490583_1061718749470204_4659655471512219603_n.jpg
526747740_1061718696136876_3216617028224949676_n.jpg
525003924_1061718646136881_5618342549678222116_n.jpg
525677277_1061718902803522_924129455531812919_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. "Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 чакырым" долбоору боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда унаа жолдун IV фазасын реконструкциялоо иштери башталып, подрядчы тарабынан жол курууга керектүү техникалар камсыздалды.

Иштердин алкагында жол жээгин тегиздөө, кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо иштери уланууда.

Жеринде 80ден ашык атайын техника жана 65 жумушчу иш алып барууда. Долбоордун алкагында 2 асфальт-бетон завод, 1 бетон завод, 2 таш талкалоочу жабдык орнотуу иштери жүрүүдɵ.

Жалпысынан реконструкция боло турган жолдун узундугу — 93 чакырымды түзөт. Башкача айтканда, Талас шаарынан башталып "Кичи-Капка" кɵзɵмɵл пунктуна чейин барат. Курулуш иштери 2025-2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Долбоордун кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.

Долбоордо 6 кɵпүрɵнү реконструкциялоо, 1 жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Жолдун учурдагы III техникалык категориясы II техникалык категорияга чейин көтөрүлөт.