Бишкек, 18.07.2025. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 чакырым асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда анын 3 чакырымына асфальт басылып бүттү.
Жол куруу иштери №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында бир тараптуу асфальт төшөө ыкмасы колдонулууда.
Бул иштер Транспорт министрлигинин көзөмөлү астында жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү максаты коюлган.