Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору жарандарды кыш мезгилинде сыртка чыгардан мурун жылуу кийинүүгө чакырат.
Борбордун маалыматы боюнча, гипотермия - бул адамдын дене табынын 35°C же андан төмөн түшүшү.
Дарыгерлер белгилешкендей, бул балдар, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзгөчө коркунуч туудурат. Балдардын терморегуляция механизмдери али толук өнүгө элек, ал эми улгайган адамдарда жана айрым оорулар менен ооругандарда бул функция бузулган болот.
Адистердин пикиринде, гипотермия организмдин коргонуу күчүн алсыратып, курч респиратордук инфекциялардын пайда болуу коркунучун жогорулатат.
Ошол үчүн адамдар үшүп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эс алуу керек:
- жыл мезгилине ылайыктуу бут кийим кийүү, жылуу жана суу өткөрбөй турган бут кийимдерди тандоо;
- колуңузга кол кап кийүү;
- моюн орогуч менен оронуу;
- ар дайым баш кийим кийүү;
- суук жана шамал аба ырайында теринин ачык жерине күндөн коргоочу бетмай сүйкөңүз;
- кан айлануу жакшы жүрүшү үчүн кат-каттап жана кенен кийим кийиңиз;
- жүндөн токулган жана пахта кездемесинен тигилген кийимдерди тандаңыз;
- сырткы кийимдер суу өткөрбөй турган материалдардан жасалган болушу керек.