Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Талас районундагы "Чоң каналда" учурда бетон полотно төшөө иштери кызуу жүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор суу чарба тармагын өнүктүрүү жана сугат системаларын жакшыртуу максатында ишке ашырылууда.
"Чоң каналдын" жалпы узундугу 8 чакырымды түзөт. Канал аркылуу 2400 гектар айдоо жер сугат суусу менен камсыз болот. Бул райондун айыл чарба өндүрүшүн жогорулатууда жана дыйкандардын түшүмдүүлүгүн арттырууда маанилүү роль ойногон стратегиялык объект болуп саналат.
Аталган каналдын 2,5 чакырым аралыгына бетон полотносун төшөө иштери белгиленген график боюнча улантылууда.
Талас Башкы суу чарба башкармалыгынын маалыматына ылайык, долбоор бүткөндөн кийин суу жоготуулар олуттуу түрдө кыскарып, сугат суусунун натыйжалуу пайдаланылышы камсыз болот. Мындан тышкары, каналдын бекемделиши анын узак мөөнөттүү эксплуатациясын камсыз кылып, жергиликтүү дыйкандардын эмгегине чоң колдоо көрсөтөт.
Суу чарба адистеринин айтымында, колдонулуп жаткан жаңы технология геомембрана, геотекстиль жана цементтин негизинде даярдалып, 60–70 жылга чейин кепилдик берет.
Мындай аракеттин негизги максаты — сугат суу коромжусун азайтуу, сугат системасын модернизациялоо жана дыйкандардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу.