Суу чарбасында ирригациялык түзүмдөр жаңыланып, сугат мезгилине даяр - Суу ресурстары кызматы

Коом Загрузка... 12 Май 2025 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Суу чарбасында 526 суу топтоочу көлмөлөр (БСР) толтурулуп, ирригациялык түзүмдөр жаңыланып, 2025-жылдагы сугат мезгилине даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Мелис Райымкулов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйыл жаз эрте келгендиктен, сугат иштери да жылдагыдан 2 аптага эрте башталган.

“Жалпы 28 миң км каналдын 500 км тилкесин оңдоо быйылкы жылдын планына киргизилген. Бүгүнкү күндө 371 км канал оңдолду. Жылдын аягына чейин пландалган 500 км каналды оңдоо ишибиз аягына чыгат. Мындан тышкары, 23 миң гидротехникалык курулмалардын 755 даанасын, 3 миң 200дөн ашык суу өлчөөчү гидропосттордун 200дөн ашыгын оңдоо пландалып, бул иштер аягына чыкты десем болот”,- деди Мелис Райымкулов.

Суу ресурстары кызматынын директору маалымдагандай, республиканын 40 районунун ар биринде райондук жана 7 облуста облустук суу чарба башкармалыктары иш алып барууда.

“Суу чарба башкармалыктарында 6 миң км тышкы чарбалык каналдар жайгашкан. Жергиликтүү бийликке 22 миң км ички чарбалык каналдарыбыз этап-этабы менен өтүүдө. Бардыгы администрациялык-аймактык реформанын негизинде айыл өкмөттөргө тиешелүү болуп калды. Бүгүнкү күндө ички чарбалык каналдарды тазалоо иштерин жергиликтүү бийликтер жүргүзүшөт. Ал эми 526 суу топтоочу көлмөлөрдүн (БДР, БСР) 115и суу чарба башкармалыктарына, 411 даанасы айыл өкмөттөргө тиешелүү”,- деди Райымкулов.

Мекеменин өкүлү кошумчалагандай, 2022-жылдан бери суу ресурстары тармагына президент тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, жылдан-жылга бөлүнгөн каражаттын көлөмү өсүүдө.

“Мамлекет тарабынан 2023-жылы 2 млрд жакын акча каражаты бөлүнсө, быйылкы жылга суу ресурстары тармагына 4 млрд 800 млн сом каралган. Каражаттын 3 млрд сому капиталдык салымдарга, 1 млрд тамчылатып сугарууга, 800 млн суу каналдарына, гидропостторго жумшалат”, - деди ал.