Сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 27 январь 2026 10:45
Сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Өлкө аймагында сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунда 3, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.