Сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 15 июль 2025 10:00
Сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.07.25./Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 11, Жалал-Абад облусунда 6, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.