Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Өлкө аймагында сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 5, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 2, Баткен облусунда 2 өрт катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.