Сумо балбаны Хакухо Сё Көчмөндөр оюндарын дүйнөгө таанытат — Кабар

Сумо балбаны Хакухо Сё Көчмөндөр оюндарын дүйнөгө таанытат

Коом 31 август 2026 14:00
783036040_1563743745527991_4831599239764169338_n.jpg
787818743_2165362604350795_2349743211194338911_n.jpg
788640065_2268754896998627_2954412058398293982_n.jpg
788689467_1734253701139770_8338675270360819147_n.jpg
789301714_950408714758877_7131389113084141473_n.jpg
789845422_1401060458637855_382063711369515469_n.jpg
789926494_1418168467183624_3054660034547015412_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий элчиси, сумо күрөшүнүн легендарлуу балбаны, 69-йокодзуна Хакухо Сё менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстанда сумо күрөшүн өнүктүрүү, спорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Хакухо Сёнун дүйнөлүк спорттогу жетишкендиктерин жогору баалап, анын тажрыйбасы жаш спортчулар үчүн чоң үлгү экенин белгиледи.

Ошондой эле анын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий элчиси болушу оюндарды дүйнөгө таанытууга жана көчмөн маданиятын жайылтууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Өз кезегинде Хакухо Сё сумо тармагында 20 жылдан ашык эмгектенгенин, анын 14 жылын ёкодзуна макамында өткөргөнүн белгилеп, топтогон билимин жана тажрыйбасын дүйнө жүзүндөгү спортчулар менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.