Сулайман-Тоо музейинде 1-мартка чейин акысыз экскурсиялар уюштурулат

Аймак Загрузка... 06 Февраль 2025 11:23
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Музейдин маалымат кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. 4-февралдан 1-мартка чейин «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси башкы көргөзмө залы менен үңкүр музейине акысыз экскурсияны сунуштайт. Бул тууралуу музей комплексинен билдиришти.

Кыргызстандагы эң чоң музейлердин бири “Сулайман-Тоо” Ош шаарында ушул эле аталыштагы тоонун этегинде жайгашкан. Комплекс 1949-жылы Ош облустук аймак таануу музейи катары негизделген. 1978-жылдан облустук тарыхый-өлкө таануу музейи, 1982-жылдан Ош бириккен тарыхый-маданий музей-коругу. 2004-жылдын 10-апрелинен баштап «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси деп аталып келет.

Азыркы музейдин имараты 1978-жылы Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата курулган. Ал 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоонун ичинде оюлуп жасалган.

Бүгүнкү күндө музейдин коллекциясында археологиялык жана этнографиялык, кол өнөрчүлүк, сүрөт, скульптура жана графика боюнча 35 миңге жакын экспонат бар.