Бишкек, 07.03.26. /Кабар/. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Конституциялык сот, Жогорку сот жана жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон жарандардын арыз жана документтерин кароону аяктады. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Ага ылайык, сынакка катышууга уруксат берилген талапкерлердин тизмеси түзүлдү.
Конституциялык соттун судьясынын бир бош кызмат ордуна 9 талапкер, ал эми Жогорку соттун судьясынын эки бош кызмат ордуна 12 жаран талапкерлигин койгон. Сунушталган документтерди кароонун жыйынтыгында бардык талапкерлерге тандоого катышууга уруксат берилди.
Ал эми жергиликтүү соттордун судьяларынын 13 бош кызмат ордуна 265 адам документ тапшырган. Алдын ала кароонун жыйынтыгында 260 талапкер өттү. Бир талапкер сынакка катышуудан баш тартты.
Төрт талапкер сынакка катышууга уруксат алган жок. Бир талапкер мурунку тандоонун жыйынтыгы боюнча белгиленген босого баллды ала алган эмес жана андан бери белгиленген бир жылдык мөөнөт али бүтө элек. Дагы бир талапкер документтерди толук көлөмдө тапшырган эмес. Эки талапкер кынтыксыздык талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу сынакка катышууга уруксат берилген жок.