Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Судандын батышындагы Эль-Фашер шаарында жайгашкан Абу-Шук качкындар лагеринде акыркы 40 күндө 95 адам ачарчылыктан жана оорудан каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда аймактагы коопсуздук жана гуманитардык абал абдан оор бойдон калууда. Тургундар азык-түлүктүн, таза суунун жана медициналык жардамдын жетишсиздигинен кыйналып жатышат.
Өзгөчө гуманитардык жардамга жана негизги кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү жок жер которгон адамдар оор абалга туш болууда.
Ыктыярдуу топтор шаар боюнча көмүлбөй калган сөөктөрдүн бар экенин айтып, санитардык кризис тууралуу коңгуроо кагышууда. Алар эл аралык уюмдарды жаңжалдан качкан жарандар үчүн коопсуз коридорлорду түзүүгө чакырышууда.
Эль-Фашердин каршылык көрсөтүү боюнча координациялык комитети да каза болгондордун санын тастыктап, абалдын күндөн-күнгө начарлап жатканын белгилеген.