Суданда алтын кени урап, 11 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2025 17:53
WhatsApp Image 2025-06-30 at 17.33.11 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Күн мурун Судандын түндүк-чыгышындагы алтын кенде шахта урап, кеминде 11 адам каза болуп, жети киши жарадар болду. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Судандын мамлекеттик “Минералдык ресурстары” компаниясынын маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Атбара жана Хая шаарларынын ортосундагы Хувайд аймагындагы Керш аль-Фил шахтасында болгон.

“Судандын мамлекеттик “Минералдык ресурстары” компаниясы тоо-кен иштерине мониторинг жүргүзүүнү жана коопсуздук стандарттарын жакшыртууну убада кылып, кенчилерди коопсуздук жана экологиялык эрежелерди сактоого чакырды”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тоо-кен казып алуу Судандын алтын өндүрүшүнүн олуттуу үлүшүн түзөт.

Бирок, эски инфраструктурадан улам бул сектор аварияларга жакын.