Бишкек, 14.11.25 /Кабар/. БУУнун гуманитардык агенттигинин маалыматына ылайык, Судан калкынын үчтөн эки бөлүгү азыр гуманитардык жардамга муктаж. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
БУУнун гуманитардык иштер жана жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча директору Том Флетчер билдиргендей, өлкөдөгү жарандык калктын абалы күн сайын оорлоп бара жатат. Армия менен Тез жооп кайтаруу күчтөрүнүн ортосундагы токтобой жаткан куралдуу жаңжал гуманитардык жардамды аймактарга жеткирүүгө олуттуу тоскоолдук жаратууда.
Жаңжал 2023-жылы мурдагы президент Омар аль-Башир кулатылгандан кийин жарандык башкарууга өтүү ишке ашпай калгандыктан башталган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча:
- 40 миңден ашуун адам каза болгон,
- 12 миллионго жакын адам үй-жайын таштап качкан.