Кыргызстанда эми студенттер ротацияланат. Бул системага ылайык, студент өзү жашаган аймактагы жогорку окуу жайда эмес, башка облустагы университетте барып билим алат. Буга чейин акимдер, соттор жана башка мамлекеттик кызматкерлер ротацияланган. Мындай тажрыйба тааныш-билиштикке жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө. Анткени мамлекеттик кызматкерлердин туулуп-өскөн жеринде эмес, башка облустарда иштеши бүгүнкү күндө өз жемишин берип жатканы байкалууда. Студенттерди ротациялоонун пайдасы тууралуу бул ирет "Кабар" агенттиги кененирек токтолот.

Кыргызстанда студенттерди ротациялоо 2027-жылдан тартып башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда бюджеттик негизде окууга жылына жалпы 10 миң орун бөлүнүп келет. Эми жаңы тартипке ылайык, анын 5 миңи түндүк аймактарга, калган 5 миңи түштүк аймактарга каралат. Бул кадам студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн арттырууга жана билим берүүдөгү теңчиликти камсыздоого багытталган.

"Студенттерди толук ротация кылабыз. Натыйжада түндүктүн студенттери түштүккө, ал эми түштүктүн студенттери түндүк аймактарга келип билим алышат. Мен былтыр март айында ротация 2026-жылдын сентябрь айында ишке кирсин деп тапшырма бергем. Бирок ШКУнун саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана бир катар президенттердин сапарлары пландалгандыктан, каражаттын тартыштыгынан улам бул долбоор кийинки жылга калтырылды. Жакын арада каражат бөлүнөт. Түштүккө 5 миң, түндүккө 5 миң студенттик орун берилет. Жети облуска, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларына заманбап, ыңгайлуу шарттары бар жатаканалар курулат", — деп белгиледи өлкө башчысы.
Учурда Кыргызстанда 85 жогорку окуу жай бар, алардын 30у — мамлекеттик университеттер. Ротацияланган студенттер окууну аяктагандан кийин ошол облуста иштеп калуусуна шарт түзүлөт. Бул аймактардагы кадр жетишсиздиги маселесин чечүүгө өбөлгө болот. Ошол эле маалда студенттердин дос күтүп, үй-бүлө куруусуна, өлкөнүн бүтүндүгүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Коомдук ишмер, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев студенттерди ротациялоо демилгеси колдоого алына турган сунуш экенин "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, студенттердин аймактар аралык алмашуусу Жогорку окуу жайлардын деңгээлин көтөрүүгө жана ички интеграцияга жол ачат.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев белгилегендей, мугалимдердин илимий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө жакшы таасирин тийгизет.
“Мисалы, Нарын же Талас университеттеринин студенттери Оштогу ЖОЖдордо окуса, окуу жайдын деңгээли көтөрүлөт. Студенттер ошол жактан өзүнө илимий жетекчисин же мыкты устатын табышы мүмкүн. Мындан тышкары, жаштардын арты менен аймактар арасында куда-сөөк күтүп, кыздарыбыз келин, балдарыбыз күйөө бала болуп калышы ыктымал. Ротациялоо президент айткан жердешчилик деген түшүнүктү жоёт. Мисалы, өмүр бою Таласта жашап, Баткенди же Ошту көрбөгөн, же тескерисинче, Баткенден чыкпай, Каракол менен Нарынды көрбөгөн мекендештерибиз бар. Ошондуктан бул сунуштун түпкү максаты — кыргыз элинин билимдүүлүгүн арттырып, илимий интеграцияны кеңейтүү жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө. Мен бул демилгени толугу менен колдойм", — деди Каныбек Иманалиев.
Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Ата шаарында "Акылман" президенттик лицейи ийгиликтүү иштеп жатат. Анда өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген эң зээндүү жана билимдүү балдар чогуу билим алышууда.

Учурда мындай лицейлер бардык облустарда курулууда. Аларда да аймактардан келген улан-кыздар окушарын президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айткан:
"Мектептер азыр бардык облустарда салынып жатат, алар 2-3 жылдан кийин бүтөт. Кыскасы, өлкө боюнча 7-8 "Акылман" мектеби болот. Аларда окуган балдар-кыздарыбызды аралаштырып окутабыз. Мисалы, бүгүн Чолпон-Атада бардык региондордон келген балдар окуп жатса, Оштогу лицейде да ошондой эле бардык облустардан келип окушат. Кудай буюрса, бардык облустарда ушундай системаны түзөбүз. Бул мектептерди жана жогорку окуу жайларды аяктаган жаштар түз эле мамлекеттик кызматтарга тартылат", — деп белгилеген өлкө башчысы.