Ийгиликке карай жол: Кыргызстандык эгиздер АКШдагы университеттерди багындырды

Коом 4 октябрь 2026 13:00
photo_53324660_kGoa9ul.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_5332466068997479739_y.width-800.format-webp.webp
photo_5332466068997479726_y_NxR1Z.width-800.format-webp.webp
photo_5332466068997479728_y_vJWVm.width-800.format-webp.webp
photo_5332466068997479734_y.width-800.format-webp.webp
Алдыга
Артка
photo_53324660_kGoa9ul.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_5332466068997479739_y.width-800.format-webp.webp
photo_5332466068997479726_y_NxR1Z.width-800.format-webp.webp
photo_5332466068997479728_y_vJWVm.width-800.format-webp.webp
photo_5332466068997479734_y.width-800.format-webp.webp
Алдыга
Артка
Кабар

Кыргызстандык эгиз кыздар Нелли жана Амелия Тынчаровалар АКШнын университетине өз алдынча тапшырып, каржыга жана тилге байланышкан кыйынчылыктарды жеңип өтүшкөн. Кийинчерээк алар чет өлкөдө билим алууну каалаган башка студенттерге да жардам бере башташкан. Учурда Нелли АКШда магистратурада толук гранттын негизинде окуусун улантууда. Эгиздердин билим алуу жолу жана тажрыйбасы тууралуу Нелли Тынчарова “Кабар” агенттигине айтып берди.

АКШга карай жол

Нелли менен Амелия Пенсильвания штатындагы Arcadia University университетинде төрт жыл билим алышкан. Неллинин айтымында, алар бул окуу жайда Кыргызстандан барган алгачкы студенттер болушкан.

Нелли International Studies (эл аралык изилдөөлөр) жана Peace and Conflict Resolution (тынчтык жана чыр-чатактарды жөнгө салуу) багыттарында, ошондой эле испан тили боюнча билим алган. Ал эми Амелия клиникалык психологияга байланыштуу багытты тандап, кошумча илимий-изилдөө иштерине да катышкан.

Эгиздер АКШдагы университетке өздөрү, эч кандай атайын компаниялардын жардамысыз тапшырышкан.

“Баарын өзүбүз жасадык, сырттан эч кандай колдоо болгон жок. Эссени кантип туура жазуу керектигин YouTube менен Google аркылуу издеп, үйрөндүк. Абдан кыйын болду, көп ката кетирдик”, — деди Нелли.

Эгиздер болжол менен 8-9 университетке документ тапшырышкан. Жыйынтыгында экөө тең Arcadia University университетине өтүп, окуу үчүн грант алышкан. Ошол эле учурда жашоо жана башка чыгымдарын өздөрү жабууга туура келген.

Алгачкы кыйынчылыктардан университеттеги ишке чейин

АКШдагы алгачкы жылдар эгиздер үчүн оңой болгон эмес. Алар тилге байланышкан кыйынчылыктарга, башка маданиятка жана каржылык кыйынчылыктарга туш болушкан.

“Биринчи жыл аяктаганда жашай турган жерибиз жок болчу. Бир үйдөн экинчисине көчүп, кээде досторубуздун үйүндө түнөп, Нью-Йоркто да жүрүп калдык. Иштеген жерибиз да, башка кирешебиз да жок болчу. Кээде тамак-ашка да акча жетпей, чындап эле эптеп күн көргөн учурларыбыз болду”, — дейт Нелли.

Ал англис тилин билүү деле жаңы чөйрөгө көнүп кетүүгө кепилдик бербегенин айтат.

“Бул жакка келгенде англис тилин билем деп ойлойсуң. Бирок баары бир кыйналып, эмне кыларыңды билбей калат экенсиң. Кайрадан тил үйрөнүп жаткандай болосуң”, — деди ал.

Окуу чыгымдарын жабуу менен бирге кесиптик жактан өнүгүү үчүн Нелли менен Амелия университетте иштеп башташкан. Алгач эшик-терезе жууп, башка жөнөкөй иштерди аткарышкан. Кийин Нелли студенттерге испан тилин үйрөтүп, жатаканада Resident Assistant болуп иштеген. Ошондой эле окуусунда кыйынчылыкка туш болгон америкалык студенттерге жардам берип турган.

Испан тилин үйрөнө баштагандан бир жарым жылдай өткөндөн кийин Нелли өзү тьютор (окуу боюнча жардамчы) болуп, курдаштарына испан тилин үйрөтө баштаган.

“Мен айтып жаткан ар бир жетишкендиктин артында чыныгы эмгек турат. Мен абдан көп аракет кылдым”, — деп белгиледи Нелли.

Culture Fair иш-чарасынан университеттин вице-президенттигине чейин

Нелли төрт жылдык окуусунда сабак менен гана чектелбестен, университеттин коомдук жана илимий иштерине да активдүү катышкан. Ал Model United Nations (БУУнун модели) программасына катышып, Harvard University жана University of Pennsylvania университеттеринде өткөн конференцияларда окуу жайдын атынан чыгып, окутуучулар менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Анын маанилүү долбоорлорунун бири — Arcadia University университетинде алгачкы Culture Fair (Маданият жарманкеси) маданий фестивалын уюштуруу болгон. Нелли менен бирге өткөргөн иш-чарада студенттер жана окутуучулар өз өлкөлөрүнүн маданиятын тааныштырышкан. Кийин бул иш-чара университетте салтка айланган.

“Нелли экөөбүз алгачкы Culture Fair иш-чарасын өткөрүп, аны университеттин салтына айланттык. Университетте өз изимди калтырганыма абдан сыймыктанам”, — деди Нелли.

Окуусунун акыркы курсунда Нелли университеттин вице-президенти болуп шайланган. Мындан тышкары, ал лидерлиги жана университеттин коомдук жашоосуна кошкон салымы үчүн бүтүрүүчүлөргө берилген сыйлыктардын бирине татыган. Ошондой эле бүтүрүү аземинде сөз сүйлөгөн жалгыз студент болгон.

“Мен үчүн жөн гана билим алуу эмес, университетте өз изимди калтыруу маанилүү болчу”, — деди Нелли.

Такшалмалар жана Париж

Нелли окуу жылдарында үч жолу такшалмадан (стажировка) өткөн. Алардын арасында иммиграциялык укук тармагындагы иш жана Philadelphia World Affairs Council уюмундагы такшалма болгон.

Нелли үчүн дагы бир маанилүү тажрыйба — Парижде өткөн эл аралык мамилелер боюнча бир жумалык билим берүү программасына катышуусу. Башында бул программага катышуу акылуу болгон. Бирок окутуучулары Неллиге демөөрчү табууга жардам беришкен. Натыйжада ал программага акысыз катышып, сертификат алган.

Неллинин айтымында, көптөгөн мүмкүнчүлүктөр анын өз демилгеси жана университеттин жашоосуна активдүү катышууга болгон аракети аркылуу пайда болгон.

Кыргызстандын желегин өз колу менен жасаган

Неллинин АКШда окуган жылдарында өзгөчө эсинде калган окуялардын бири — Кыргызстандын желегине байланыштуу.

Университетте ар кайсы өлкөлөрдүн желектери илинип турганы менен алардын арасында Кыргызстандын желеги болгон эмес. Нелли өз өлкөсүнүн желегин да кошууну сунуштап, аны өзү жасап берүүнү чечкен. Ал кездеме алып, андан күндүн сүрөтүн кесип жасап, колу менен тигип чыккан.

Ошентип, университеттин кампусунда студенттин өз колу менен жасалган Кыргызстандын желеги пайда болгон.

Магистратурага толук грант

Arcadia University университетин аяктагандан кийин Нелли билимин уланткан. Учурда ал Пенсильваниядагы Lehigh University университетинде Public Policy багыты боюнча бир жылдык магистратурада окуп, толук грантка ээ болгон.

“Буга чейин профессорлордун баары магистратурага толук грант менен өтүү дээрлик мүмкүн эмес экенин айтышчу. Ошондуктан бул мен үчүн чоң жетишкендик болду”, — дейт Нелли.

Окуу менен катар эле ал университеттин БУУ менен өнөктөштүгүнүн алкагында такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгон.

“Университетке жаңы эле келгенде, мага дароо ушул такшалманы сунушташты. Бул мен үчүн күтүүсүз болду”, — деди ал.

Эми эгиздер башкаларга да жардам берип келишет

АКШдагы университеттерге өз алдынча тапшырып, билим алган тажрыйбасы Нелли менен Амелияны башка жаштарга да жардам берүүгө шыктандырган.

Неллинин айтымында, ушул убакыт аралыгында алар болжол менен 20-30 студенттин АКШ, Европа жана Дубайдагы университеттерге тапшыруусуна көмөк көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, эгиздердин Twins Corporation аттуу жеке демилгеси болуп, анын алкагында англис тилин үйрөтүшкөн.

Учурда Амелия башка университетте “Клиникалык психология” багыты боюнча билим алууда. Буга чейин ал профессорлор менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын ичинде жасалма интеллекттин психикалык саламаттыкка тийгизген таасирин изилдеген. Ошондой эле өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын Бостондо өткөн конференцияда тааныштырган.

Нелли менен Амелиянын окуясы чет өлкөдө билим алуу тууралуу маалыматты өз алдынча издөөнүн, кетирилген каталардын жана олуттуу каржылык кыйынчылыктардын арасынан башталган. Бүгүн эгиздер АКШда окуусун жана кесиптик өнүгүүсүн улантып, топтогон тажрыйбасын башка жаштарга чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн табууга жардам берүү үчүн колдонуп жатышат.