Медицина тутумун модернизациялоо: Кыргызстан Кореянын тажрыйбасын колдонот

Министрлер кабинети Загрузка... 11 Май 2026 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жогорку технологиялык медицина тармагында эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн Кореядан келген тиешелүү адистердин делегациясын кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы саламаттык сактоо тутумун модернизациялоо жана дарылоонун инновациялык стандарттарын киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. 

Ал медициналык инновациялар жаатында дүйнөлүк лидер деп таанылган Корея Республикасынын алдыңкы тажрыйбасы Кыргызстандын стоматологиялык кызматын өркүндөтүү үчүн өзгөчө кызыгууну жаратарын белгиледи. 

Жолугушуунун катышуучуларынын негизги көңүлү заманбап технологияларды өткөрүп берүү жана клиникалык практикага санариптик чечимдерди интеграциялоо маселелерине бурулду. Айрыкча, тараптар ата мекендик клиникаларга 3D-моделдөө системаларын жана жогорку тактыктагы имплантологияны киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле медициналык мекемелерди акыркы муундагы жабдуулар менен комплекстүү кайра жабдуунун келечегин талкуулашты. 

Кореялык делегациянын өкүлдөрү медициналык сектордогу сапаттуу өзгөрүүлөргө кыргыз тараптын ачыктыгын белгилеп, активдүү өнөктөштүккө жана техникалык жардамга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда белгиленген пландарды ишке ашыруу Кыргызстандын жарандары үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берерине өз ара ишеним билдирилди.