Стамбулдагы Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү жабык форматта өтөт

Дүйнө 15 май 2025 18:08
Стамбулдагы Россия менен  Украинанын сүйлөшүүлөрү жабык форматта өтөт

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Стамбулдагы Россия менен Украина өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү жабык форматта өтөт. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр Стамбулдун Долмабахче сарайында өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилбейт.

Эске салсак, бүгүн Стамбулда Россия менен Украина өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтөт. Эч кандай шартсыз тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Россиянын президенти Владимир Путин сунуштаган.