Бишкек, 03.10.2025 /Кабар/. Түркиянын Мармара деңизинин жээгинде бүгүн күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, уюлдук байланыш кызматтарын үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Текирдаг провинциясындагы Мармара Эреглиси жээгине жакын аймакта болгон.
Жер титирөө Стамбул шаарында да сезилип, калк арасында дүрбөлөң жараткан. Көптөгөн тургундар үйлөрүн жана кеңселерин таштап көчөлөргө чыгышкан. Кырсыктын кесепетинен шаарда уюлдук байланыш кызматтарында убактылуу үзгүлтүктөр жаралды.
GSM операторлорунун маалыматына ылайык, жер титирөөдөн кийинки алгачкы мүнөттөрдө жарандар үн жана мобилдик интернет кызматтарына жеткиликтүү болбой, жакындары менен байланыша албай калышкан.
Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.