Стамбулда теракт уюштурууга шектелген 115 адам кармалды

Дүйнө Загрузка... 25 Декабрь 2025 15:32
1920270016_0_168_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Стамбулдун башкы прокуратурасы "Ислам мамлекети" террордук тобунун чакырыгы менен Рождество жана Жаңы жыл майрамдарында Түркияда террордук актыларды пландаган деп шектелген 137 адамды камоого буйрук берди. Алардын ичинен 115и кармалганын РИА Новости жазды.

Шектүүлөр Стамбул башкы прокуратурасынын терроризмге каршы күрөшүү бюросуна ИМдин чакырыгына жооп катары католиктердин Рождество майрамында жана Жаңы жылда теракттар даярдалып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин колго түшүрүлдү. Кармалгандардын айрымдары согушкерлер менен байланышта болушкан.

"124 даректе жашаган 137 шектүүгө карата терроризм, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги терроризм боюнча айып тагылып, камоого буйрук берилген. Учурда 115 шектүү кармалды, калгандарын колго түшүрүү боюнча иш-чаралар уланууда", — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.