Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Күн мурун Стамбулда Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, жолугушуу делегация башчылары Владимир Мединский жана Рустем Умеровдун бетме-бет сүйлөшүүсү менен башталып, андан кийин кеңейтилген курамдагы үчүнчү айлампага өттү.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан сүйлөшүүлөрдү ачып жатып, буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн эки айлампасында олуттуу жыйынтыктар болгонун белгилеп, тараптардын ок атышууну токтотуу тууралуу меморандум алмашуусун маанилүү кадам катары белгилеген.
“Сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты тынчтыкка жол ача турган ок атышпоо”,-деген ал.
Жолугушуу жабык форматта өтүп, болжол менен 40 мүнөткө созулган. Тараптар аскерий жана жарандык туткундарды алмашуу, ошондой эле Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун августтун аягына чейин уюштуруу маселелерин талкуулашкан.
Үчүнчү айлампадан кийин сүйлөшүүлөрдү улантуу азырынча пландалган эмес. Бирок, тараптар 250 согуш туткунун алмашуусу боюнча макулдашкан.
Мындан тышкары, Россия Украинанын дагы 3 миң аскер кызматкеринин сөөгүн кайтарарын белгилеген. Согуш талаасында жарадарларды жана каза болгондорду чогултуу үчүн убактылуу ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Ошондой эле үч багытта (аскердик, саясий жана гуманитардык) онлайн сүйлөшүү топторун түзүү сунушу да каралууда.
Мединский сүйлөшүүлөрдө тараптардын максаттары бир топ айырмаланарын белгилеп, Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу алдын ала макулдашууларга негизделиши керектигин кошумчалаган.