Бишкек, 02.06.25 /Кабар/. Стамбулда Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, жолугушууда Москва келечектеги тынчтык келишими боюнча меморандумду сунуштайт. Ал чыр-чатактын түпкү себептерин чечүү үчүн бардык аспектилерди камтыйт.
Киев өз кезегинде талаптары мурда айтылган шарт боюнча тынчтык орнотуу долбоорун сунуштайт.
Украина Куралдуу күчтөрүн куралдандыруу боюнча чектөөлөрдүн жоктугун, бошотулган аймактарды Россиянын бир бөлүгү катары эл аралык таануунун жоктугун жана компенсация төлөп берүүнү талап кылууда.
Орус делегациясынын курамы мурунку турдагыдай эле. Мединский тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин.
Украинанын делегациясын кайрадан коргоо министри Рустем Умеров жетектеди.
Эске салсак, Москва менен Киевдин өкүлдөрүнүн үч жылдан берки алгачкы жолугушуусу Стамбулда 16-майда өткөн.
Тараптар кеңири масштабдуу - 1000ден 1000ге - туткундарды алмашууну жана келечектеги элдешүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү макулдашкан.
Сүйлөшүүлөр учурунда Украина мамлекет башчыларынын жолугушуусун суранды. Россия муну эске алды.