Стамбулда кыргыз жаранынын кармалышы. Окуя ТИМдин көзөмөлүндө

Коом Загрузка... 24 Апрель 2025 10:24
8b02ca70-ed78-3c17-a826-1a4d1077e042.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрли

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Стамбулдун аэропортунда кыргыз жаранынын кармалгандыгы тууралуу маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Бул тууралуу тышкы саясий ведомстводон билдиришти.

Белгиленгендей, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн Н.А аттуу кыргыз жараны Түркияда кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

“Бул маселе КР ТИМнин жана Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган кыргыз жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

ТИМден белгилешкендей, Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө.