Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Күн мурун Түркиянын Стамбул шаарындагы "Атлас" кинотеатрында Кыргыз кино күндөрүнүн ачылыш аземи өттү.
Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунан билдиришкендей, иш-чарага эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү, дипломаттар жана кино ишмерлери катышты.
Ачылыш аземинде башкы консул Чыңгыз Токтобеков бул иш-чара кыргыз маданиятын таанытуу менен бирге, чет жердеги мекендештердин руханий байланышын бекемдөөгө багытталганын белгиледи.
Кеченин алгачкы күнүндө режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасы сунушталды. Чек арадагы жашоо, миграция жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чагылдырган бул тасма көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды.
Программада:
- 25-март: Дастан Жапар уулунун "Качкын" тасмасы;
- 26-март: Руслан Акундун "Бейиш 2" тасмасы менен жыйынтыкталат.
Маданий саамалык Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жана Кинематография департаменти тарабынан, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.