Стамбул дүйнөдөгү эң узун жол тыгындары бар шаар деп табылды

Дүйнө Загрузка... 11 Декабрь 2025 09:10
e01111e2-a117-4ea7-84c2-c0234a74ca8f.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаары жол тыгындары боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы шаар деп табылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазып чыкты.

Inrix аналитикалык компаниясынын жаңы изилдөөсүнө ылайык, Стамбул дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыгып, Нью-Йорк, Чикаго, Мехико жана Лондон сыяктуу ири мегаполистерден озуп кетти.

Стамбулдун ар бир тургуну жол тыгынында орточо жылына 105 саатын жоготот. Калкы 20 миллиондон ашкан шаар үчүн бул олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Адистер белгилегендей, акыркы бир жыл ичинде жол кырдаалы 15%га начарлап, бул дүйнөлүк масштабдагы эң чоң өсүш болуп эсептелет.

Изилдөө 37 өлкөдөгү 900 шаарды камтыган. Буга чейин, 2024-жылы бул тизмеде АКШнын Чикаго шаары биринчи орунда турган. Бирок, быйыл Стамбул талашсыз лидер болду.

Жол тыгындарынын күчөшүнүн негизги себептери катары, тездик менен жүрүп жаткан урбанизация, жолдордун чектелген инфраструктурасы жана Стамбулдун географиялык өзгөчөлүгү белгиленет.

Шаар Босфор кысыгы аркылуу Азия менен Европаны бөлүп турат, бул транспорт агымынын жүгүнө түздөн-түз таасир этет.