Психологиялык жардам көрсөткөн “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору ишке кирди

Коом Загрузка... 18 Февраль 2025 16:34
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөткөн “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору ишке кирди.

Ведомстводон билдиришкендендей, балдардын, өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен өз ара мамилеси келишпесе, үй-бүлөдө жаңжалдар, көйгөйлөр келип чыкса, үй-бүлө турмуштук оор кырдаалга кабылса, балдарга карата ырайымсыз мамиле жасалса, зомбулук болсо, “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору күнү-түнү консультациялык жана психологиялык жардам берүүгө даяр. Ал үчүн акысыз 111 кыска номерин терүү зарыл.

Белгиленгендей, борбордун негизги максаты балдардын укуктарын сактоо, балдарга, өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар боюнча жарандарга консультацияларды берүү болуп саналат.

“Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун байланыш номери: (0312) 62-06-44, электрондук дареги: mdjaparkulova@mail.ru