Өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти кантип алдын алса болот?

Коом Загрузка... 17 Февраль 2025 18:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Соңку учурда Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында чыр-чатактар ​​көбөйүүдө. Коомчулукка белгилүү болгону үч мектеп окуучусу каза болушу.

Окуялардын чоо-жайы

2025-жылдын 21-январында Бишкектин Жал кичи районундагы №72 мектептин ажатканасынан 8-класстын окуучусу 2010-жылы туулган Аннас Айтбаев сабалган. Ал 4-февралда ооруканада каза болгон. Каза болгон мектеп окуучусунун классташтары Аннас мектептин ажатканасынан өзүнөн улуу окуучулар тарабынан токмок жеп каза болгонун айтып, социалдык тармактарга видео кайрылуу таратышкан. Баланын ата-энеси да ушундай пикирде экенин, жогорку класстын окуучулары ага бул окуя боюнча унчукпоо үчүн басым жасаганын, мектеп жетекчилиги сабалган фактыны жашырууга аракет кылганын кошумчалашты.

2025-жылдын 22-январында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Кант шаарындагы №3 мектептин 10-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Дмитрий Чернявский мушташтан жаракат алган. Ал ооруканага жаткырылган, бирок эсине келбей 25-январда ооруканада каза болгон. Дмитрий Кыргызстандагы “Жеңиш ыктыярчылары” кыймылынын активисти жана “Орус үйүнүн” волонтеру болгон. Айрымдар окуяны улуттар аралык араздашуунун негизинде болгон жаңжал катары көрсөтүүгө аракет кылышты.

Аталган факты Ысык-Ата РИИБи тарабынан каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. ИИМ Чернявский ошол эле мектептин 10-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Р.А. менен оозеки чыр-чатактан кийин мушташкан деп эсептейт. Шектүү учурда камакта.

Ал эми 12-февралда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 9-класстын окуучусу Адилет Турдубаевди орто мектептин окуучусу урушуп, сабап салган. Ал эч кандай жардам албай, бир сааттан ашык мектептин ажатканасынын сыртында жатып калган.

Баланын атасы шашылыш түрдө жергиликтүү фельдшердик-акушердик пунктка чакырылган, бирок, анын айтымында, баласынын денеси мурда эле муздап калган. Тактап айтканда, анын уулу эчак эле дүйнөдөн өтүп кеткен. Ата-энесинин айтымында, бала рэкетчиликтин курмандыгы болгон. Акыркы күндөрү Адилет курткасын жыртып алып, денеси ооруп жатканын айтып, бирок анын себептерин айткан эмес. Милиция бул факты боюнча денеге оор залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салган 17 жаштагы мектеп окуучусу болгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бийликтин чаралары

Ички иштер министрлигинин 30дан ашык жетекчилери шалаакылыгы жана аракетсиздиги үчүн ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Ленин РИИБ менен Кара-Суу РИИБдин жетекчилери баш болуп, 40ка жакын милиция кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылышкан. Билим берүү жана илим министрлиги Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын, ошондой эле бул окуяларды жаап-жашырууга аракет кылган мектеп директорлорун, орун басарларын жана мугалимдерди жумуштан алды.

Ички иштер жана Билим берүү жана илим министрликтеринин жетекчилеринин жыйынында бардык мектептерде паника баскычтарын киргизүү, ошондой эле видеокөзөмөл жана авариялык байланыш системасын кеңейтүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары министрликтер жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун санын көбөйтүп, мектептерде алар үчүн өзүнчө кабинеттерди ачуу чечимин кабыл алышты. Инспектор окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “тобокелдик тобундагы” балдарды аныктап, педагогикалык жамаат менен өз ара аракеттенет.

Өспүрүмдөр арасындагы буллингдин кантип алдын алса болот?

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов белгилегендей, окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн мугалимдер, жергиликтүү бийлик жана ата-энелер биргеликте иш алып баруусу зарыл. Биринчи кезекте ата-эне баласынын окуусун көзөмөлдөп, аны менен тыгыз байланышта болушу керек, дейт ал.

Буга Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова да кошулуп, бул окуяларга өз милдетин так аткарбаган ата-энелердин күнөөсү бар деп эсептейт.

Ал бардык күнөөнү бир гана милиция менен мугалимдерге жүктөбөй, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууну сунуштады.

Ал эми психолог Жумаказы Жуманазаров комплекстүү чараларды көрүү керектигин белгилейт.

Анын пикиринде, Кыргызстанда ислам дининин ролу чоң экенин эске алып, дин өкүлдөрү мечиттерде бирөөнүн буюмун күч менен тартып алуу күнөө экендиги жөнүндө үгүт-насаат айтуусу зарыл.

Кошумчалай кетсек, психологдун айтымында, 7-11-класстан баштап балдар өспүрүм куракка кирет, бул мезгилде ар бир бала өз оюн айтып, коомго өзүн көрсөтүүгө аракет кылат, мен бармын, өзүмдүн сөзүмдү, оюмду айткым келет деген түүшүнүк менен жашайт.

Өспүрүм таанылгысы келет. Ошондуктан, алар өз оюн айта турган аянтчаларды уюштуруу зарыл.

Жумаказы Жуманазаров аймактарда жеткиликтүү болгон, өспүрүмдөр сынактар, спорттук мелдештер, олимпиадалар аркылуу өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жана таланттарын көрсөтө ала турган мамлекеттик чоң программаны иштеп чыгууну сунуштады.

Укук коргоо органдарынын профилактикалык иштери да маанилүү.

«Сөз түшүнбөгөн, бирок күчтү сыйлаган өспүрүмдөр бар. Алардын психикасы өнүгүп, уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин кумир кылып алышкан, «Бригада» сыяктуу тасмалардан тарбияланып, кылмыш дүйнөсүн идеалдаштырып алышкан. Өспүрүмдөр аларга окшоп кылмышкер болуу менен сый арттырам деп ойлошот. Бул жерде, бир жагынан, “от менен күрөшүү” дегендей, укук коргоо органдары иштеши керек. Экинчи жагынан, биз балдардын идеалдарын өзгөртүп, позитивдүү баалуулуктарды киргизишибиз керек жана алардын кумирлери спортчулар, волонтерлор жана меценаттар болушу керек», - дейт Жумаказы Жуманазаров.