Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин айлык акысы жогорулады

Коом Загрузка... 27 Апрель 2026 16:30
WhatsApp Image 2026-04-27 at 14.20.21.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Мектеп мугалимдеринин орточо эмгек акысы 24 миң 798 сомду түзүп келсе, эми 50 миң 551 сом болот. Ал эми өлкөдөгү орточо айлык 42 миң 948 сом. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдирди.

Анын айтымында, айлык акылар 1-апрелден тарта төмөндөгдөй болуп өзгөрдү (чейин жана кийин):

  • Мектеп мугалими – 26800 – 50972 (18 саат) сом;
  • Бала бакча тарбиячысы – 26 976 – 55 723 (36 саат) сом;
  • Методист – 15210 – 53438 (40 саат) сом;
  • Ийрим жетекчиси – 27076 - 49 872 (20 саат) сом;
  • Өндүрүштүк окутуу устаты - 28 966 – 57128 (40 саат) сом.

Ал эми жетекчилик кызматтагылар төмөндөгүдөй болот:

  • Мектеп директору – 22 472 – 55 255;
  • Бала бакча жетекчиси – 18 676 – 52 447;
  • Методикалык кабинеттин жетекчиси - 18 676 – 55 255;
  • Мектептен тышкары билим берүү уюмунун жетекчиси – 17 011- 49 022;
  • Кесиптик лицейлердин директорлору – 25 692 – 56 107 сомго көбөйөт.

Республикалык бюджеттен билим берүү секторуна 58 млрд сом каралган. 9 айга эмгек акыны жогорулатууга кошумча бюджет - 41,3 млрд сом. Ошондой эле 2027-жылы 55,1 млрд талап кылынат.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулады. Эртеңден тарта алар бирдей шартта эки эсе жогорулатылган айлык акыларды башташат.