Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсүн кабыл алды

Президент Загрузка... 18 Апрель 2026 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды.

Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү талкууланды.

Мамлекет башчысы TRON платформасынын негиздөөчүсүн жылуу тосуп алып, анын криптоиндустриядагы маанилүү ролун жана борбордон ажыратылган финансы тармагына кошкон жеке салымын белгиледи.

“Бүгүнкү санариптик доордо мындай инновациялардын аркасында жаңы санариптик Жибек жолу – ачык өз ара аракеттенүү жана финансылык эркиндик тармагы түзүлүүдө”, — деди Садыр Жапаров.

Ал жогорку өткөрүмдүүлүк, транзакциялардын ыкчам аякташы жана төмөн комиссиялар бул платформаны стейблкоиндерди которуу үчүн алдыңкы инфраструктуралардын бири кылганын белгиледи.

Президент өткөн жылы өзүнүн жетекчилиги алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүнө токтолду. Бул платформа тармактык мамлекеттик органдардын аракеттерин жана эл аралык деңгээлде таанылган блокчейн индустриясынын эксперттеринин алдынкы тажрыйбаларын бириктирет.

“Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Улуттук кеңеш жана анын Катчылыгы эбегейсиз секирик жасашты. Биз жогорку мамлекеттик деңгээлде бир нече жыйын өткөрдүк, анда рынок талап кылган: улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын (CBDC) сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү чечимдери кабыл алынды”, — деди мамлекет башчысы.

Бул контекстте ал ачык мамлекеттик саясат өлкөгө ири технологиялык компанияларды жана дүйнөлүк эксперттерди тартууга шарт түзгөнүн белгилеп, TRON негиздөөчүсүнүн сапары мунун ачык далили экенин айтты.

Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу.

Азыр өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү өнүгүүдө, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, укуктук база бекемделүүдө жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы жыл башында “Виртуалдык активдер жөнүндө”мыйзамга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты.

Мындан тышкары, жакында виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча жаңы мамлекеттик орган аныкталат.

“Биздин коом санариптик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү колдонууда. Chainalysis глобалдык индекси боюнча Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу деңгээли боюнча дүйнөдө 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү лидерлик кылат. Бул мамлекетке ачык жана ишенимдүү инфраструктура түзүү жоопкерчилигин жүктөйт”, — деди президент.

Өз кезегинде, Жастин Сан Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрөрүн белгиледи.

TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү кеңири презентация жасап, анда алдынкы эл аралык криптовалюталык биржалардын бири болгон HTXтин иштөө принциптерин жана негизги көрсөткүчтөрүн, ошондой эле TRON платформасынын өзүнүн экосистемасын тааныштырды.

Ал ошондой эле Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу пландары жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, блокчейн технологияларын жана жасалма интеллектти киргизүүгө багытталган программаларды илгерилетүүгө көмөктөшүү ниети жөнүндө айтып берди.

Жастин Сан Кыргызстандын топтогон тажрыйбасы коңшу өлкөлөр үчүн өтө пайдалуу болорун белгилеп, Кыргызстан TRON келечекте өзүнүн операциялык тармагын жайылтып, бүткүл Борбор Азияга кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейте ала турган ишенимдүү стратегиялык өнөктөш болоруна ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгына натыйжалуу кызматташууну жана биргелешкен пландар менен долбоорлорду иш жүзүнө ашырууну камсыз кылууну тапшырды.