Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда менен жолукту.
Минкаб төрагасы АӨБ жетекчилигине өлкөнүн өнүгүү темпи тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, акыркы төрт жылда ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 10,2% болуп, 2025-жылдын акырына карата 11,1%ды түздү. ЭВФтин маалыматы боюнча Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди.
Талкуунун негизги темасы Кыргызстанды 2030-жылга карата аймактык транспорттук-логистикалык хаб катары өнүктүрүү болду. Адылбек Касымалиев АӨБге транспорттук маалыматтык системаларды интеграциялоо жана логистикалык чынжырдын катышуучуларынын ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыз кылуучу Улуттук электрондук логистикалык платформа долбоорун колдоого ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Масато Канда Кыргызстандын экономикалык реформаларын жогору баалап, банк өлкөнүн приоритеттүү инфраструктуралык жана санариптик долбоорлорун мындан ары да колдоого даяр экенин ырастады.