Балдарыбызды келечекке даярдашыбыз керек – минкаб төрагасы

Министрлер кабинети 6 октябрь 2026 12:15
Балдарыбызды келечекке даярдашыбыз керек – минкаб төрагасы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Окуу китептеринин маселесин чечүүгө 8,5 млрд сом бөлүндү. Мындан тышкары, окуу китептеринин мазмуну жаңыланып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган жаңы стандарттар киргизилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө боюнча жаңы мектептерди ачып жатып билдирди.

“Жаңы мектепке жаңы мазмун, жаңы шарт жана жаңы жыйынтык керек. Биздин балдар — XXI кылымдын, жаңы доордун жана жаңы технологиялардын мууну. Алар жасалма интеллектти, программалоону, робототехниканы тез өздөштүрүп жатышат.

Бүгүн биринчи класска келген бала 12 жылдан кийин мектепти аяктайт. Ошол жылдары дүйнө кандай болот? Жасалма интеллект кайсы деңгээлге жетет? Канча жаңы кесип пайда болот? Космос канчалык жакындайт?

Мына ошондуктан биз балдарыбызды 2038-жылдагы дүйнөгө ишенимдүү даярдашыбыз керек. Реформанын чыныгы натыйжасы ошондо көрүнөт. Бүгүн билим берүүнү өзгөртүү менен биз 12 жылдан кийинки Кыргызстандын өнүгүшүнө шарт түзүп жатабыз.

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги космоско учурулду. Бир кезде алыста сезилген космос бүгүн бизге жакындады. Спутникти космоско билим алып чыкты. Бүгүн Кыргызстандын спутниги космоско чыкса, эртең Кыргызстандын уул-кыздары космоско учушу керек! Мугалим билим берет, бирок сиздердин ордуңуздарга эч ким окуй албайт.

Мамлекет мектеп курат, мугалим билим берет, ата-эне тарбия берет. Ушул үчөө бириккенде гана күчтүү муун жаралат. Бизге өз тарыхын билген, тилин жана маданиятын сыйлаган, ошол эле учурда дүйнөлүк илим менен технологияны өздөштүргөн муун керек.

Эртең ушул мектептер Кыргызстандын келечегин курат”, — деди Адылбек Касымалиев.