Инвестиция, технология, тажрыйба: Француз компаниялары менен стратегиялык өнөктөштүк бекемделет

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Апрель 2026 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев француз бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуу Данияр Амангелдиевдин Францияга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Франциянын бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууга AIRBUS, MEDEFINTERNATIONAL, ARTERAIL, ESLREVINGTON, VEOLIA, GLOBAL SOVEREIGNADVISORY & CO, HERBERT SMITHFREEHILLS KRAMER PARIS LLP, LAZARDFRERES, LINXENS, MND, SERGI, TYLLIUMSAS өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүнүн перспективаларын жана биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү багыттарын талкуулашты.

Кыргызстан француз бизнеси менен кызматташууну инвестициялык потенциалды, заманбап технологияларды жана башкаруу тажрыйбасын айкалыштырган, өз ара пайдага негизделген өнөктөштүк катары карай турганы белгиленди.

Жолугушууда биргелешип иштөө үчүн эң чоң потенциалы бар тармактар, анын ичинде "жашыл" энергетика, авиация, фармацевтика жана ири демилгелерге каржылык колдоо көрсөтүүгө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-француз өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого жана диалогду практикалык ишке айландыруу боюнча өз ара ниеттерин ырасташты.