SpaceX кезектеги 28 Starlink спутнигин орбитага чыгарды

Дүйнө Загрузка... 30 Сентябрь 2025 08:55
6eda1779-97f4-424f-9dc1-fd848bebee81.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. АКШнын SpaceX компаниясы Falcon 9 ташуучу-ракетасы менен Starlink долбоорунун кезектеги 28 кичи спутнигин орбитага ийгиликтүү чыгарып алды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, учуруу Калифорниядагы Ванденберг аба базасынын SLC-4E старттык аянтчасынан жасалды. Бир сааттан соң спутниктер экинчи баскычтан бөлүнүп, белгиленген орбитага чыкты.

Ташуучу-ракетанын көп жолку колдонулуучу баскычы 28-ирет иштетилип, спутниктерди орбитага чыгаргандан кийин, Тынч океандагы “Of Course I Still Love You” деп аталган атайын учуучу деңиз платформасына конду.

Starlink долбоору 2019-жылдан бери 9,8 миңден ашык спутникти учуруп, анын 8,5 миңи азыр кызматта. Компания жалпысы 12 миңге, кийин 34 миңге чейин аппарат жайгаштырууну көздөйт. Бул Жердин каалаган бурчун глобалдык кең тилкелүү интернет менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Долбоордун жалпы инвестициясы болжол менен 10 млрд доллардан ашат.