SpaceX 130 спутникти орбитага чыгарды

Дүйнө 2 октябрь 2026 07:50
SpaceX 130 спутникти орбитага чыгарды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.26 /Кабар/. SpaceX компаниясы 1-октябрда Transporter-18 миссиясынын алкагында Жердин төмөнкү орбитасына 130 спутник жана космостук аппарат чыгарды. Алардын арасында Google компаниясынын жасалма интеллект технологияларын космосто сыноого арналган спутнигинин прототиби да бар. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Falcon 9 ракетасы АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасынан учурулду.

Google компаниясынын Suncatcher долбоорунун алкагында иштелип чыккан прототип спутник жасалма интеллект үчүн колдонулган процессорлордун космостук шартта иштөөсүн текшерүүгө жардам берет. Адистер алардын космостук радиацияга туруштук берүүсүн жана иштөө учурунда пайда болгон жылуулукту чыгаруу мүмкүнчүлүгүн изилдешет.

Мындан тышкары, миссиянын алкагында орбитадан Жерге лазер аркылуу энергия берүүнү сыноочу спутник жана спутниктерди орбитада тейлөө технологиясын текшерүүчү аппарат да чыгарылды.

Transporter-18 миссиясына кубсаттар, микроспутниктер жана башка аппараттар да кирген. Алардын 41и төрт атайын орбиталык буксир аркылуу кийинчерээк өз алдынча орбитага чыгарылат.

Буга чейин SpaceX компаниясы 2021-жылдын январында Transporter-1 миссиясы менен 143 аппаратты бир учурда орбитага чыгарган.