Бишкек, 20.02. 26. /Кабар/. Бишкектеги №2 китепканада КР Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара улуу акындын чыгармачылык мурасын даңазалоо, жаштардын поэзияга болгон кызыгуусун арттыруу жана китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулду.
Кеченин жүрүшүндө акындын чыгармалары көркөм окулуп, театралдаштырылды жана музыкалык номерлер тартууланды.
Иш-чаранын алкагында өткөн сынактын жыйынтыгында баш байге Биринчи май районунун китепканаларына ыйгарылды. Экинчи жана үчүнчү орундарды Свердлов жана Октябрь райондорунун китепканалары ээледи. Жеңүүчүлөргө “Кара-Кулжа ынтымак” коомунун жана Борборлоштурулган китепкана системасынын атынан баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.
Ошондой эле кеченин алкагында Борборлоштурулган китепкана тармагы менен “БОЛАТ МЕДИЯ” мекемесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул кызматташтык китепканалардын ишмердүүлүгүн кеңири чагылдыруу жана эл аралык маданий байланыштарды бекемдөөгө