Милициянын реакциясын текшергиси келген: Бишкекте соода борборун "жардырам" деген жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 24 Апрель 2026 17:05
WhatsApp_Image_2024-02-29_at_16.45.28.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. 20-21-апрель күндөрү "Евразия" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган маалымат берүүгө шектүү Ж. У. М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү изин жашыруу үчүн Telegram каналдарынан башка адамдардын атына катталган SIM-карталарды жана аккаунттарды сатып алып турган. Тергөөдө аныкталгандай, кармалган жаран мындай кылмышка укук коргоо органдарынын реакциясын текшерип көрүү кызыгуусунан улам барган.

"УКМК террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүү мыйзамга ылайык оор кылмыш болуп эсептелерин жана кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошондой эле жарандарды сак болууга чакырып, эч кандай шартта өздөрүнүн жеке маалыматтарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.