Сокулуктагы жалпы дарыгерлер борборунда өрт коопсуздугу бузулганы аныкталды

Аймак 1254 27 Февраль 2025 14:53
481252824_1035353728637353_8559039473083191714_n.jpg
481152689_1035353741970685_8900665151418129669_n.jpg
480967872_1035353905304002_1653737365669279957_n.jpg
Алдыга
Артка
481252824_1035353728637353_8559039473083191714_n.jpg
481152689_1035353741970685_8900665151418129669_n.jpg
480967872_1035353905304002_1653737365669279957_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда өрт коопсуздугуна карата пландык текшерүү жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй, Талас облустары боюнча башкармалыгынын инспекторлору ӨКМдин Сокулук району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чараларду улантууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган ооруканага өрт коопсуздук талаптарын бузуулар жөнүндө акт түзүлүп, аларды белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар “Саламаттыкты сактоо мекемелерине караштуу объектилерде өрт коопсуздук эрежелеринин жана нормалардын сакталышын камсыздоо” чечимине ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында жүрүүдө.