Сокулукта мурдагы "Карл-Маркс" колхозунун үрөн кампасы мамлекетке алынды

Аймак Загрузка... 13 Март 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Сокулук районундагы мурдагы "Карл-Маркс" колхозунун үрөн кампасы мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган колхоздун үрөн кампасынын аянты 1,24 гектарды түзөт.

Белгилей кетсек, үрөн кампа имаратын жана ага таандык жерин бир бөлүгүн мурдагы айыл өкмөт башчысы С.Т.М. өз алдынча ээлеп, мыйзамсыз курулуш куруп, колдонуп келген. Ал эми үрөн кампанын негизги бөлүгү жергиликтүү элдер ("Карл-Маркс" колхозун мураскерлери) тарабынан негизсиз колдонуп келген.

Буга чейин үрөн кампасын муниципалдык менчикке өткөрүп, инвестиция тартуу максатында оңдоп түзөө жана жерге болгон мамлекеттик актысын алууда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалына айрым кызматкерлери жеке кызыкчылыктарынан улам кызмат абалынан пайдаланып, үрөн кампасын муниципалдык менчикке каттоодон баш тартып келгендиги аныкталган.

Учурда С.Т.М. ээлеп алган жерин өз ыктыяры менен бошотуп берүүсү жана кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүүгө жетишилди.