Койдун жүнүнөн алынган жер семирткичтин натыйжалуулугу изилденүүдө

Коом Загрузка... 13 Февраль 2025 10:04
Изображение-WhatsApp-2024-09-19-в-16.36.48_a4b8ec81-1-1.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Сокулукта койдун жүнүнөн алынган жаңы органикалык жер семирткичтин эффективдүүлүгү изилденүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Биринчи май айылында 4 га аянтка 4 варианттагы койдун жүнүнөн жер семирткич күздүк буудайга (5 сорт) жана күздүк арпага (4 сорт) азыктык заттарды эске алуу менен үч дозада: 600кг/га; 500кг/га жана 400кг/га себилген.

Белгиленгендей, көчөттөр пайда болгондон баштап түшүм жыйноого чейин фенологиялык байкоолор жүргүзүлүп, жыйынтыгы өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинде алынат. Мындай аракеттер жер семирткичтин өсүмдүктүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө тийгизген таасирин талдоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасында койдун жүнүнөн жасалган жер семирткичтердин салыштырмалуу натыйжалуулугун изилдөө үчүн 4 вариант коюлган: контролдоо (жер семирткичсиз); койдун жүнүнөн жер семирткич – 1,2 т/га; минералдык жер семирткичтер нормада 120 т/га 130 т / 45; жарым – жартылай бышкан кык-25 т / га.

Белгилей кетсек, алгачкы жыйынтыктар жана изилдөөлөрдүн корутундулары октябрдын аягында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноодон кийин чыгарылат.

"Жарым бышкан кыкты жана минералдык жер семирткичтерди колдонуунун фонунда жүгөрүнүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө кой жүнүнөн жасалган жер семирткичтердин таасирине салыштырмалуу баа берүүгө мүмкүндүк берет",-деп айтылат маалыматта.