Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Сокулукта бирөөнүн жерин басып алып, ага сарай салып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Сокулук РИИБге аттуу О.А. аттуу жаран 2021-жылдын октябрь айында 1986-жылы туулган У.Н. аттуу жаран Сокулук районунун Кожомкул айылынын №295 контурунда жайгашкан ар бири 0,04 га болгон эки айыл чарба багытындагы жер тилкелерин тартып алгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (Башка бирөөнүн жер участогун өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы максатты бузуу менен өз алдынча курулуш куруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Сокулук районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде У.Н. аттуу жарандын Сокулук районунун Кожомкул айылында жайгашкан №295 контурда жер тилкелери жок экендиги аныкталган.
Мындан тышкары, У.Н. жер тилкелерине укук белгилөөчү документтери жок, үчүнчү жактарга жер тилкелерин сатып, аны менен бирге алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жасалма ишеним каттарды бергени аныкталган.
2025-жылдын 11-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1970-жылы туулган У.Н.нын жашаган жери аныкталып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан жер тилкелерин алдоо жолу менен сатуу, өз алдынча басып алуу, максаттуу багытын бузуу менен жерлерге өз алдынча курулуш куруу менен алектенген жарандарды кармоо иштери уланууда.