Сокулукта 8 гектардан ашык жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Коом 1034 14 Май 2025 16:23
497357689_1536138380678498_6982223597734237029_n.jpg
497508433_1536138634011806_3825745705989271372_n.jpg
497563582_1536138434011826_244987668800643551_n.jpg
497747488_1536138640678472_1627796070516382702_n.jpg
Алдыга
Артка
497357689_1536138380678498_6982223597734237029_n.jpg
497508433_1536138634011806_3825745705989271372_n.jpg
497563582_1536138434011826_244987668800643551_n.jpg
497747488_1536138640678472_1627796070516382702_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Сокулук районунда мурдагы чиновниктердин жакын туугандары 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мурдагы кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманы колдонуу менен белгиленген тартипте муниципалдык жер тилкелерди ыйгарып алуу фактысын аныктады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Сокулук районунун айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндөгү 8,03 га муниципалдык жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп бергендиги такталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, аталган жер коммерциялык максатта колдонууга даярдалып, аффилирленген жактарга, анын ичинде Сокулук районунун мурдагы кызмат адамдарынын жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Тилкенин учурдагы ээси жерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.